super.kg logo
  Саясат  

Орусияда пенсиялык реформага каршы акциялар өттү. Жириновский катышуучулардын бири менен мушташып кете жаздады

 

9-сентябрда Орусиянын 33 шаарында пенсиялык реформага каршы нааразычылык акциялар өттү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Москва шаарында 4 миңге жакын адам "Орусия эркин болот!" деген ураан менен митингге чыккан. "Полиция бул акциянын катышуучуларын кармап, айрымдарын ур-токмокко алды. Кармалгандардын арасында Алексей Навальныйдын штабынын жетекчиси Олег Степанов, Pussy Riot тобунун активисти Вероника Никулишина бар. Жалпысынан 800гө жакын адам кармалганы маалымдалууда.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын командасы уюштурган митингдер Орусияда губернаторлорду, мэрлерди, аймактык депутаттарды шайлоо күнү өттү. Навальный өзү 27-августта 30 күнгө кармалып, акцияларга катыша алган жок", - деп жазышат басылмалар.

Мындан тышкары Москвада өткөн митингде Владимир Жириновский менен акциянын катышуучуларын биринин ортосунда чыр чыгып, саясатчы анын бетине урган видео тарады. Жириновский пенсиялык реформага каршылыгын билдирип келет.

Буга чейин 29-августта президент Владимир Путин Орусияда эркектер 65 жаштан, аялдар 60 жаштан пенсияга чыгышы керек деп пенсиялык реформага байланыштуу телекайрылуусунда айткан. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат. Бул демилгеге каршы Орусияда нааразычылык акциялары өтүп келүүдө.

Учурда Орусияда эркектер 45 жылдык, ал эми аялдар 40 жылдык эмгек стажына ээ болсо пенсияга чыгууга укуктуу. Ал эми эмгек стажы жок аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат. Пенсиянын орточо көлөмү 14 миң 414 рубль.






Жириновский митингчини урду (9.09.2018)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: