super.kg logo

Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген жарандын карындашы окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген жарандын карындашы окуянын чоо-жайын жергиликтүү телеканалдардын бирине айтып берди. Кечээ таңкы саат 6:00дө Москванын Новочеркасск бульварында катталган кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, окуя болгон түнү кылмышка шектүү катары кармалган 21 жаштагы Бекжан С. достору менен карындашынын 18 жашын белгилеп эс алуучу жайлардын бирине келишкен. Түнкү саат 3:00 чамасында кылмышка шектүүнүн карындашына жана анын курбуларына башка жигиттер тийишип башташкан.

"Алардын жанында 4-5 жигит бар болчу. Алар түнү менен мени, курбуларымды аңдып отурушту. Кийин эс алуучу жайдан чыкканыбызда тиги жигиттер эшикте турушуптур. Алар агамдын жалгыз калышын күтүп турушкан экен. Байкем бизди унаага чейин алып барган учурда аны башка жигиттер өздөрүнүн жанына чакырышты. Кийин алар бизди шылдыңдап, кадыр-баркыбызга шек келтирип, жаман сөздөр менен сөгүп баштады. Мен буга ызаланып ыйлап баштадым. Аны көргөн агам жинденип, мени коргогонго аракет кылды. Алгач агам басып кетүүгө аракет кылды, бирок алар тоскоолдук кылып жатышты. Агамды унаасынын үстүнө басып алып сабап башташты. Кийин топтолгон балдар басып кетишкенде агам өзүн башкара албай калды. Ал жинденип унаага отуруп, айдап барып алардын бирин сүздү. Бирок ал нес абалында болуп, эмне кылып жатканын өзү түшүнбөй жатты. Эгерде агам унаасын түз айдап кетсе, ал башка унааны сүзмөк. Ошол себептен улам ал унаасын буруп, жолдун боюнда тургандарды да сүзүп кетти. Ал ачуусунан тормозду басам деп газды басып алды", - деп билдирген кылмышка шектүүнүн карындашы.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында туулган. Кийин ал Орусияда эмгектенип жүрүп, Орусиянын жарандыгын алган.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.






Москвада клубдагы чырдан кийин 21 жаштагы кыргыз жигит мекендештерин унаасы менен сүздү

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(53)
10.09.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1.Адам - ар ким озу куноолуу. 2.Айдоочу кызуу кандуулукка алдырган.
10.09.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сенин айындан канчалаганы майып болуп бир адамды турмого тыгып, экинчисин олтуруп тыныпсын, балээ барбы туулган кун откоргонго Озгонуно келип он жолу откор бир эмес, баардык Кыргызстандыктарды уят кылдын.
10.09.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ZhanMM,бирок тигил балдардыкы да туура эмес эгер кудай сактасын менин карындашымы да ошентсе ХХХХХХХХ эгер чындап карындашын коргогон болсо ХХХХХХХ аялзатын коргоо биз эркектердин милдети анткени апан карындашын аялын кызын эжен бул эркектин намысы анын башка эркек шылдындоого ага кол тийгизууго акысы жок
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 11:52:21
10.09.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
murat17, ошондо машине менен сузуу керепи?!! ХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 11:52:28
10.09.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chagylgan2,болгон куралы машина болуп калды да ошол убакта
10.09.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chagylgan2, ХХХХХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 11:53:09
10.09.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
murat17, ХХХХХХХХХ
Кучу жетпесе досторун чакырсын, ага-тууганын чакырсын...

Машине менен тебелетсе жакшы болдубу эми?!!
ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 11:53:27
11.09.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билдирүүлөр түзөтүлдү! Эскертүү, порталдын эрежелерин сактагыла!
10.09.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Баарыңарга балээ барбы, тунку клубта, бирөөнүн жеринде эле үйдө олтурбайсыңарбы
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 12:44:36
10.09.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Paprikafm, ХХХХХХХХ эле жүргүлөчү башка 1 млн. кыргыздарга зыянынарды тийгизбей. Түнкү клубда бир тууган аган менен ХХХХХХ ХХХХХ барасынбы!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 12:45:15
10.09.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудайга тообо дейбиз жаман иш болуптур, бирок бироонун жеринде тынч эле туулган күн шаан шөкөтсүз эле иштеп жөн эле жүрбөйбүзда. Карагылачы канча адамга залакасы тийип жатат. Өзүбүз тентип аржерде акча таап жүрсөк,анан тойлоп клубдарга барып..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: