Президенттик аппарат Турусбек Коёналиевдин иштен бошотулганын четке кагууда
"Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиевдин кызматынан кеткени тууралуу маалыматыбыз жок" деп бүгүн, 10-сентябрда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Буга чейин 8-сентябрда Коёналиев кызматынан өз каалоосу менен кете тургандыгы боюнча арызын жазып бергенин айрым жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Буга негизги себеп катары ал Көчмөндөр оюнунун уюштуруу иштеринде пассивдүү иш алып барган деп түшүндүрүшүүдө.
Турусбек Коёналиев 1962-жылы 28-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Президенттин иш башкармалыгынын башчысы кызматын 2010-жылдын сентябрь айынан тарта аркалап келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

