Легендарлуу "The Beatles" тобунун экс-солисти Пол Маккартни 5 жылдан бери биринчи жолу жаңы альбомун чыгарды



Британиялык музыкант, легендарлуу "The Beatles" тобунун экс-солисти Пол Маккартни 5 жылдан бери биринчи жолу жаңы альбомун чыгарды. Бул тууралуу ырчынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, анын жаңы жарык көргөн альбому "Egypt Station" деп аталат. Анда жалпысынан 16 чыгарма камтылган. Ырлар Лондон, Лос-Анжелес жана Суссекстеги үн жаздыруучу студияларда жазылган.
Айта кетсек, ырчынын буга чейинки "New" аталышындагы альбому 2013-жылы жарыкка чыккан. 5 жылдык тыныгуудан соң жаралган "Egypt Station" Маккартнинин 17-альбому.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.