super.kg logo

"Ар бир айбан өз сөзүнө жооп берет": Интернетте Хабиб Нурмагомедов менен Тиматинин кайым айтышуусу талкууга алынууда

 
Хабиб Нурмагомедов
Тимати
Егор Крид

Интернет айдыңында орустун белгилүү рэп ырчылары Тимати жана Егор Криддин дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болгон кайым айтышуусу талкууга алынууда.

Тактап айтканда, 9-сентябрда Дагестанга концерт коюуну пландап жаткан Егор Криддин социалдык тармактагы баракчасына көптөгөн дагестандыктар "Эгер биздин өлкөгө концерт койсоң тирүү кетпейсиң" деген билдирүүлөрдү калтырып, коркутуп жатышкан. Анын себебин - ырчынын сөгүнгөн, уят сөздөр менен коштолгон чыгармалары өлкөнүн жаштарын жаман жакка үндөйт деп түшүндүрүшкөн. Орус басылмалары жазгандай, буга аталган өлкөдөн чыккан мушкер Хабиб Нурмагомедовдун рэп ырчыларын сындап, жаштарды алардын концерттерине барбоого үндөгөнү себеп болгон. Ар түрдүү коркутуулардын жыйынтыгында, Крид Дагестанда боло турган концертин токтотууга аргасыз болгон.

"Биз тарапка ар кандай коркутуулар айтылып жаткандыктан күйөрмандардын коопсуздугун ойлоп, концерт койбой эле коюуну чечтик", - деген ал.

Мындан улам Криддин жакын санаалашы Тимати кечээ, 10-сентябрда Инстаграм социалдык тармактагы жеке баракчасына видео жүктөп, анда Нурмагомедовго кайрылуу жасаган.

"Биздин ырларда сүйүү лирикасы бар, бирок ал нерсе экстремизмге үндөбөйт. Биз өзүбүздүн күйөрмандарыбызды сенин беттештериңе барбоого үндөбөйбүз. Андыктан сен да өзүңдүн күйөрмандарыңды биздин концертке барбоого үндөбө", - деген Тимати.

Көп өтпөй эле Нурмагомедов өзүнүн жеке баракчасына Тиматиге жооп жазган.

"Ар бир айбан өзүнүн сөзүнө жооп берет. Мен силер менен кайым айтышууга убактым жок. Эгер кимдир-бирөөгө менин үндөгөнүм жакпай жатса, ага жооп берүүнүн кажети жок. Мага эмне кылууну үйрөтүүчү адамдар силер эмессиңер. Өзүңөрдүн концертиңерди каалаган жагыңарга барып коё бергиле, бирок мен өзүмдүн айтканымдан кайтпайм", - деп жазган ал.

Ошондой эле Дагестандын эркектерине кайрылуу жасап, "өлкөнүн келечеги үчүн биз гана жооп беребиз" деген.

Учурда эки тараптын күйөрмандары эки жаатка бөлүнүп, айрымдары мушкерди колдосо, кээ бирөөлөр ырчылардын таламын талашууда.

Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов - эрежесиз уруш чебери, UFC уюмунун эң беделдүү мушкерлеринин бири. Ал эми Тимати менен Егор Крид - Орусиянын белгилүү рэп ырчылары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
11.09.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Реперлер озу ашыкча айный башташты уят создор мн ырдап
12.09.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bilal2014,Тимати эркекче жооп берген, биздин куйормандарды сенин беттешине барба деп угуттогон жокпуз деп!Силер тарабын алып жаткан катынчалышынар,айбан бир мындай тигиндей деп,озунун баркын тушуруп бутуптур
11.09.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Хабиб ары жок неме... Кайырчыларды мазактаганын эл унута элек. Мусулмандын кылаар иши эмес, колунда жокторду шылдындоо...

Диний фанаттар чыгат, Хабиб бир тууган деп. Хабибди колдлгондор Хабибге окшогон чала молдо дин бузарлар, диний тушунугу тайкы болуп, динди бурмалаган адашкандар...

Анан коншу Казак, озбек, туркмондон "бир тууган" издебей, даг, чечендерден "бир тууган" издоо алардын кошоматчылыгы, дуйно таанымы кыскалыгы...
CEO1 түзөттү 2018-09-11 12:39:09
11.09.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хабиб бир тууганым алга!
11.09.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nurgaz,Баса, ар бир айбан оз созуно жооп берсе, Хабиб озу кандай болду экен?!! Мен аны ХХХХХХХХХ салыштырсам капа болбостур Хабиб бир тууганынар, ХХХХХХХ бул мазактоо эмес, тема боюнча пикир.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 13:29:51
11.09.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Chagylgan2, ой-пикир калтырган учур да дагы кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
11.09.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
nurgaz, красавчик+10
12.09.2018. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurgaz, Бир тууганын де)) сени ким тууган озу чон атан Нурмугаметпи? Хахаха
11.09.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕГор менен Тимати негизи жакшы реперлер го, мага ырлары жагат.......
11.09.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хабиб жылдыз оорусу менен ооруп бараткандай сезилип жатат мага!! Ырчы менен элчиге олум жок алар коомдо болуп жаткан нерселерди айтышат!! Озунун атактуулугун мындай нерселерге пайдаланганга болбойт го!!
11.09.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоо тен баш адамдар алар оздору учун жооп берет. Аларды деп куноого биз батпайлы мусульман бир туугандар.
11.09.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Хабиб бир тууганым красавчик
12.09.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Grindy,Дагестан качантан бери бери бир тууганын болуп калды эмне экоонду бир эне тородубу же сенинда улутун дагестанбы? Кой мынтип экинчи айтпай жур уят. Бир тууган деген создун м мааниси ото терен туш келгенди антип айта берген болбойт.
11.09.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хабиб мынча кыйынсыган эртен коробуз Конор женип койсо экен
11.09.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Хабибке окшогондор ХХХХ спортко аралаштыруунун кереги жок. ХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 15:24:43
11.09.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
pat12, ХХХХХ ХХХХХ Өзүң айткандай Кыргызстан светтик өлкө. Андыктан башкалардын дин таанымына сен асылба. Хабиб туура кылыптыр андайга үгүттөгөн болсо. Же эмне Тимати менен Егордун сөгүнгөнү жагабы сага. ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 15:39:28
11.09.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусулман олколоруно, динди бекем карманган олколорго, капырлар концерт коердон мурун ойлонсо, кабыл алабы жокпу?! Исламда, музыка угуунун озу арам делет.5 маал мечиттен азанды уккан кулактар, кайдагы ХХХХ азанын угуу учун барабы?! Концертке барган чакта да, ысырапкорчулука эсептелет экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 15:31:11
11.09.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Maero,
Тиги дуйнону ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-12 10:30:38
11.09.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nuri1, Экинчиден Мушкекрге куйонмандарын кыйкыргандан эчкандай жардам бере албайт. Даярдыгы жакшы болсо эчкандай куйорманы жок эле утат.
Ал Эми ырчын куйорманы жок ал эчким эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-12 10:04:33
12.09.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1, темадан алыстабаңыз!
11.09.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Maero, арабдарын оздору жарым жыналач уыздарды чыгыш бийине бийлетип гарем кармап отурат го, дагы андай экен, мындай экен деп жомок айтасын... Ошол арабдарын динге амал кылбаса кечоо эле ислам динин кабыл алган кыргыздар амал кылат бекен?!!
11.09.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Maero,
Музыка харам болсо супер инфону окубай эле кой. Супер инфодо жалан музыка жайгашкан. Оюн кандай бул боюнча.
11.09.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Хабибке окшоп кудайчыл болуп, элге жагам деп, жасалма ыймандуу корунуп жашагандан коро, по совести жашаган атеисттер жакшы. Дин - бул арабтар иштеп чыккан саясий программа. Азыр ислам программасы динчилдерди бир жактуу ойлонгон "робот" кылып даярдап жатышат. Диндин пульту арабтардын же турктордун колунда болот. Буюрса кнопканы кайда басса, роботтор ошол башкарылат.
zhaku2017 түзөттү 2018-09-11 15:18:40
11.09.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhaku2017,Дин деген созду Ислам деген менен алмащтырып алган окшойсун.Дегеле мусулмандарды кобу жаман корот.эмнеге дегенде туура соз ,катанды айтканы учун.башка диндер коп жайылбаганы учун эл унчукбайт.баарыле хиджапка асылат.сакалга асылат.сен чыныгы христиандардын эркектеринин кийген кийимин корчу.хиджаптан да узун.сакалы да ошондой.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 16:52:08
11.09.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
JOM,Дин менен кудайдын эч байланышы жок. Баарына динчилдер озунор куноолусунор. Тиги харам бул харам дей берип, элге озунор жаман корунуп журосунор. Харам болсо динчилдер озунор учун харам болсун. Башкаларга асылбагыла.
i1urp түзөттү 2018-09-11 16:11:17
11.09.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хабибдин озунун куйоомандары бар жана Тимати Криддин да Дагестанда озунун куйормандары бар.Ал жака келтирбоону Хабиб угуттоп жатат,ал ошондой чон республикага келтирбоого ким эле?же президент болбосо,ошончо коп улуттуу Дагестандын атынан суйлоп озу билемдик кылган туура эмес.Канчалаган ыр куйормандары билеттерди сатып алышкан экен,ортодон чыга калып Хабиб алардын да эркиндигин бузуп жатат!!!
11.09.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хабинер эс алсынчы элге акыл наасат уйротпой, дурботпой. Чечендерди бир тууган кылып алышыптыр динчилдер. Мага атеист, светтик, тенирчи, христян болсон да кыргыздардан отоору жок.
nuri1 түзөттү 2018-09-11 15:46:28
11.09.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адам болсо болмок Хабиби)))
11.09.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Элден ыйман кетти, диндин атынан суйлосо эле ыймандуу боло калышпайт. Кайырчыларды кордогондорду колдогондор кантип ислам амалдарын аткарып туз жолдо жургон болот?!! Динден тушунугу болбой туруп, динди бурмалап суйлогон адашкандар да булар.....
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 16:49:28
11.09.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силерге не жок бири хабиб бири тимат болуп билгенин кылсын
11.09.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Утса милиондорун болушчудой эле куйосунор да.Бизге эмне.
11.09.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хабибке- коо, Тиматиге- тоо, Кридке болсо шагыраган кум.
11.09.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тиматинин коп ырлары согунгон сагынган онтологон ырлар албетте чечен эркектеринин кыжырына тиет да. Хабиб чыныгы чечен, Тимати атасынын байлыгына маашырланып ХХХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 17:22:04
11.09.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кебаб мурдунан алысты коро албаган эптеп динди аралаштырып озун жакшы корсотууго аракет кылган бир карангы жан экенда.Ата бабан дин аалымдары жыланачтанып турсачан эл козундо акчага мушташ деп осуят калтырды беле?Алдагы идеал тулку боюнду,аурат жерлеринди ачык корсотуп канча диндеш кыз келиндердин шилекейин агызып коз кумарын кандырууга коз менен болгон зынаага туртуп жатканынды ойлодун бекен?Рас динди аралаштырган сон?
Hazard түзөттү 2018-09-11 21:13:36
12.09.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хабиб биз сени менен тимати ты кто такой давай до свидания
12.09.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хабиб ким болуп калыптыр? Рамзан Кадыров деле мусульман туурабы? Болгондо да патриот. Бирок Тимати менен жакшы мамиледе да. Ал деле оз олкосуно келтирбей койбойт беле элин сактап.Кенен кесир эле барып журбойбу Тимати Чеченстанга. Жон эле обу жоктук"уруунаарга тоо таппай"кылганы да Хабибдин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: