"Рэмбо" тасмасынын 5-бөлүгү тартыла баштады
Көпчүлүк кызыгып көргөн "Рэмбо" тасмасынын 5-бөлүгү тартыла баштады. Бул тууралуу аталган фильмде баш каармандын образын чагылдырган Сильвестр Сталлоне социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Ал Рэмбонун образындагы сүрөтүн жүктөп: "Тасма тартууга кириштик. Жакында. Абдан толкундануудамын. Балким, дүйнө өзгөрөт, бирок ал (ред. Рэмбо) эч качан өзгөрбөйт", - деп жазган.
Маалым болгондой, тасманы тартуу иштери сентябрь айынан тартып башталган. Кинонун продюсери Ави Лернер, режиссёру Адриан Грюнберг. Тасма 2019-жылы эл сынына коюлат.
"Рэмбо" фильми 1982-жылы жарыкка чыккан. Анда Сталлоне 36 жашта болчу. Кинонун андан кийинки бөлүктөрү 1985, 1988, 2008-жылдары элге тартууланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
asdef

11.09.2018. 21:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чал болуп тартылат бекен
ekaterinburg

11.09.2018. 23:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рембону уйлоп койсо экен эми ушу сериясында.Жалгыз отуп кете турган болду бу дос.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.