Жол кырсыгына кабылган Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматынан убактылуу четтетилди
Жол кырсыгына кабылган Жалал-Абад облустук
прокуратурасынын тергөөчүсү
кызматынан
убактылуу четтетилгенин бүгүн, 3-июлда
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 29-июнда
болжол менен саат 13:30да Бишкек-Ош жолунда Жалал-Абад облустук
прокуратурасынын тергөөчүсүнүн катышуусунда жол кырсыгы болгон. Бул окуя
боюнча чогултулган материалдарды Сузак РИИБи облустук прокуратурага өткөрүп
берген. Териштирүү иштери бүткүчө тергөөчү убактылуу кызматынан четтетилди.
Белгилей кетсек, кырсык катталган учурда тергөөчү мас абалында болгондугу
тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан эле. Ошондой эле кырсыктан каза
болгондор жок экендиги, 3 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага
кайрылгандыгы тууралуу маалыматтар айтылган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aijan1968

03.07.2013. 13:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колу менен кылганын мойну менен тартсын!Кызматтык форманы кийип алып чакалайдын чак тушундо сайрандап...Дагы жакшы жабырлануучулар аман калышыптыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.