super.kg logo

Ата салты: Кыргызда балалуу боло албаган келиндер кандай ырым-жырымдарды колдонушкан?

 

Салт-санаага бай Кыргыз эли байыртадан ар бир кырдаалга өзүнчө ырым-жырымдарды колдонуп келишкен.

Кыргыз үчүн үй-бүлө күтүп, тукум улоо, бул жашоодогу эң негизги максаттарынын бири болгон. Кыргыздарда телегейи тегиз, үлгү боло турган үй-бүлө катары көп балалуулар эсептелген. Өзгөчө эркек балалуу болбой калган адамдар өзүн абдан бактысыз сезип, кыз баласы болсо да "артымда калган туягым жок, менин тукумумду улаарым жок" деп айтып келишкен.

Эгерде аялы төрөбөгөн болсо, эркектер башка аял алып, балалуу болгону бул катардагы көрүнүш катары бааланган. Төрөбөгөн аялдар балалуу болгон аялдардай укуктарга, урмат сыйга ээ боло алышкан эмес. Алардын айрымдары балалуу боло албаганын ойлонушуп, көп учурда психикалык ооруларга кабылышкан.

Төрөй албаган келиндер жакшылыктан үмүтүн үзбөй ар кандай ырым-жырымдарды колдонушкан. Алардын эң кеңири тараганы бул ыйык жерлерге зыярат кылуу, мазарларга, жер-сууга сыйынуу болуп эсептелген. Аталган ырым-жырымдар азыркыга чейин кыргыз коомунда сакталып калган.

Төрөй албаган келиндер мазарларга барып, атайын жөрөлгөлөрдү жасап, балалуу болуу тилегин айтышкан. Ыйык жер аталган ар бир мазарда өзүнүн жөрөлгөсү болгон. Мисалы, кайсы бир жерде кан чыгарып, мал союу зарыл болсо, айрым жерде булактын суусун кайсы бир убакыт бою ичүү керек болгон.

Дагы бир ишеним боюнча көп балалуу болгон байбиченин кийимин кийген келин убакыттын өтүшү менен балалуу болгон. Балалуу болгонго ден соолугу мүмкүнчүлүк бербеген келиндер жер кезип, аты чыккан белгилүү молдолорго, бүбү-бакшыларга, элдик табыптарга барып дарыланышкан.

Наристелери төрөлөрү менен чарчап калган келиндерге да ар кандай ырым-жырымдарды колдонуп келишкен. Алардын эң кеңири жайылганы бул төрөлгөн наристеге уул болсо, токтоп, киши болуп кетсин деген максатта Токтобек, Токтогул, Токтокүчүк деген ысымдарды ыйгарышкан. Ал эми кыз болсо Токтобүбү, Токтакан, Токтоайым деген аттар берилген.

Мындан сырткары ара төрөлгөн наристелерди тебетейдин ичине салып багышкан. Ошондой эле көп балалуу үй-бүлө баласы токтобогон үй-бүлөнүн жаңы төрөгөн ымыркайын уурдап кетти ырымын жасап, бир нече ай бою өз үйүндө багып, киши болуп кетерине көзү жеткенде гана үй-бүлөсүнө кайтарып беришкен. Муну менен бирге эле жаңы төрөлгөн ымыркайга көз мончок же атайын тумар тагып коюшкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
13.09.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырым жырымыбыз көп,
14.09.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахтан умут узбойле намаз окуп дуба кылыш керек, жалынып жалбарып,баарын беруучу да,алуучу да жараткан Алла Таала
10.03.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Daduk,Намаз менен маселе чечилбейт. Азыр медицина илимне таяныш керек. Азыр мыкты заманбап техникалар онуккон. Жакшы врачтарга гана кайрылыш керек. Ал бетте ырым жырымдарга элдер кайрылып турушкан. Бирок бары бир акыркы чечимди медицина караш керек. Диний ырым жырымдар булар эски метод.
Mirlan27011987 түзөттү 2021-03-10 11:47:51
10.03.2021. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mirlan27011987,
Кыргыздын эн сонун ырым жырымдары бар. Алар азыр унутулап баратат. Кайра калыбына келтируу керек. Бирок диний ырым-жырым элдин башына ашыкча киргенде, ал жерде арты артынан көптөгөн ырым жырымдар пайда боло берет.
10.03.2021. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,сенин оюң бир тыйын
10.03.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Mirlan27011987,
Намаз деле кадимкидей эле ырым жырымдын бир туру. Илгери кыргыздар намаз окушкан деле эмес. Бирок Кудайга ишенишип жон гана колун ойдо кармап Кудайдан жакшы тилек кылышкан. Мындай учурда алардын тилеги орундалып турган. Бул дагы кыргыздын жн бир сонун ишенуу маданияты болгон.
14.09.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул ырым-жырым катуу талкуу болот эми сайтта
14.09.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Урматуу автор: Айзада Тураркулова, Темада "Торобогон аялдан эки улактуу эчки артык" деген жерини, алып коюуунузду суранат элем! Бул торой албай жургон келиндерге ,аябай катуу тиет экен. Женем окуп алып ыйлап жатканынан уулам айтып жатам.
14.09.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Djumahmatov, урматтуу окурман, ал кыргыз элинин макал-лакабы... Бүгүн темадан алууну сурансаңыз, эртең аны кантип кыргыз элинин макал-лакабынан алдырасыз? Макал-лакаптар кандайдыр бир деңгээлде турмуш чындыгынан келип чыгат эмеспи. Жүрөккө жакын албай, макалды туура түшүнүү менен кабыл алыңыз.
11.03.2021. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Эльвира Караева! Джумахматов туура кабыл алышы мүмкүн. А жеңесичи? Төрөй албай жүргөндөрчү?
Baha.A түзөттү 2021-03-11 09:16:25
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: