"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан рэп аткаруучуларын аныктады
Жей Зи


Жей Зи

Дидди

Кендрик Ламар

Дрейк

Питбуль

Канье Уэст
"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан рэп аткаруучуларынын атын жарыялады. Анда тизменин сап башынан Голливуд жылдызы Бейонсенин жолдошу Жей Зи орун алган.
Белгилүү болгондой, Жей Зи бир жылда 76,5 миллион доллар киреше тапкан. Ага кирешенин көпчүлүк бөлүгүн ушул жылы жарык көргөн "Everything Is Love" альбому алып келген. Ал эми 2-орунда Дидди каймана аты менен таанымал рэпер Шон Комбс турат. Анын жылдык кирешеси 64 миллион долларды түзгөн. 3-орунду 58 миллион доллар киреше чогулткан Кендрик Ламар багындырган.
Ошондой эле алдыңкы ондукка Дрейк, Питбуль жана Канье Уэсттин ысымы илинген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.