super.kg logo

Америкалык актриса Сара Жессика Паркер 150 миң долларлык зер буюмдарды уурдаган деп айыпталууда

 

Америкалык актриса жана продюсер Сара Жессика Паркер кымбат баалуу зер буюмдарды уурдаган деп шектелүүдө. Батыш маалымат булактарынын маалыматына ылайык, 53 жаштагы актриса мындан 2 жыл мурда "Kat Florence Design" зер буюмдарды саткан бренддин аксессуарларын жарнамалаган. Учурда аталган бренд актрисаны ошол зер буюмдарды уурдаган деп айыптоодо.

Маалыматка ылайык, Сара Жессика Паркер жарнамага тартылууда ювелирдик бренд менен келишим түзгөн. Анда жарнамага тартылгандан кийин зер буюмдарды кайтарып берүүгө, ал эми сөйкө жана шакекти 2 ай тагынууга кол коюлган. Бирок актриса зер буюмдарды убагында кайтарып бербегендиги үчүн "Kat Florence Design" бренди 150 миң доллар чыгымга учурап, сотко кайрылган. "Мисс Паркер жарнамага тартылгандан кийин зер буюмдарды бир нече ай тагынып жүрүүсүн суранган. Биз макул болуп, келишимге кол койгонбуз. Бирок белгиленген убакытта актриса бизге буюмдарыбызды кайтарып берген жок. Мындан улам ал зер буюмдардын акчасын төлөшү керек" деген "Kat Florence Design" брендинин жактоочусу.

Ал эми Сара Жессика Паркердин жактоочусу бул айыптоо боюнча маалымат каражаттарына жооп берген.

"Бул каарандай калп. Келишимде актриса жарнамада тагынган зер буюмдарды андан кийин дагы тагынып жүрүүгө кол коюлган. Жарнамадан кийин ал аксессуарлар актрисага таандык болушу керек эле. Сара Жессика Паркер адилеттүү, ал эч качан өзүнө таандык эмес буюмдарды алып көргөн эмес", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.09.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кебетеси кантет жес кемпирдей болуп
14.09.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Janyjol.86,макияжы жок ошондой болот бардык эле артисттер, биздикилерда ошондой!
14.09.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Janyjol.86,бул эн ыраны суук деген актрисалардын рейтинги боюнча 2 же 3 орунда болуш керек.Сулуулук жок бирок изюминка, харизма бар. Анча мынча сулуумун деген актрисаларга караганда корунуктуу ролдордо проектерде иштеген.
15.09.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун сулуугу жок болсо да мыкты актрисалардын катарына кирет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: