super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-СЕНТЯБРЬ: СССР Жогорку Советинин депутаты, балерина Бүбүсара Бейшеналиева 92 жыл мурун туулган

 

Балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева

Кыргыз-совет балет жылдызы, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган деп жазылат. Ал эми айрым маалымат булактарында анын туулган күнү 15-сентябрь деп жазылган.

17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан бул датаны уулунун туулган күнүнө ылайыкташтырып жаздырып алган деген маалыматтар айтылып жүрөт.

СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында 1926-жылы туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылы башкы солист, 1949-жылдан тартып Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген.

Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Бүбүсара искусство чөйрө­сүнүн адамы болгон композитор Акмат Аманбаевге турмушка чык­­кан. Аны менен 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болгон соң ажырашып кетет. Андан кийин тагдырдын тайкүлүк ташы чыгармачылыктан алыс адамдын жубайы болууга алып келет. Бирок бул адам менен да балеринанын жашоосу узакка созулган эмес. Ошентип бүт өмүрүн кыргыз искусствосуна арнап, кыргыздын таланттуу жаштарына жол көрсөт­көн балерина улуу небересин көрүп, асылган оорунун азабынан 1973-жылы 47 жашында дүйнөдөн кайткан.

Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси 5 сомдук купюрага түшүрүлгөн

1994-жылы 11-апрелде Кыргыз сомунун 5 момдук купюрасы колдонууга чыгарылган, анда Кыргыз-совет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын элеси түшүрүлгөн.

15-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.09.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушундай адамдардын тууган урук, уул-неберелеринен интервью алсаңар супер?
16.09.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыкем экоо жургон тура убагында кыз-жигит болушуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: