Бактыбек Жусубалиевге “Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу” наамы тапшырылды

3-июлда ички
иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевге “Жети-Өгүз
районунун ардактуу атуулу” наамы тапшырылды. Бул
тууралуу ИИМдин басма сөз
кызматы билдирди. Жети-Өгүз районунан келген өкүлдөр район элинин атынан Жусубалиевге 31-май күнү
саат 15:00дөн
баштап 3-июнга чейин жарыяланган коменданттык саат учурунда жергиликтүү тургундар менен биргеликте үзүрлүү иш алып баргандыгы үчүн
ыраазычылыгын билдиришти.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

