super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "Бүгүнкү талапкерлер иштей албаса жоопкерчилик өкмөт башчыда болот"

 

Өкмөткө бара жаткан адамдар иштей албаса жоопкерчилик өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевде болушу керек. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев бүгүн, 19-сентябрда парламент жыйынында айтты.

"Бул жерде бир добуштан колдойбуз деп айтпасак, ар бир адам өзүнө жооп берет. Бул талапкерлерди көпчүлүгүбүз тааныбайбыз, ишмердүүлүгүн билбейбиз. Өкмөт башчынын тандоосу болгон соң жакшы иштесе, өкмөт башчы, сизге рахмат дейбиз, иштебесе жоопкерчилик сизде болот.

Менин суроом Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкер Эмил Осмонбетовго берилет. "Кадамжайдагы "Шамбисай" алтын кени жана "Алма бел" көмүр кени боюнча эмне болот? Ал жерди кандай чечиш керек? Иштейби же иштебейби? Ал жерде эл кенди иштетүүгө нааразы", - деди Масалиев.

Эмил Осмонбетов элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтып, кендерди иштетүү аракети жасаларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: