super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин жыйынында "Белизгейт" боюнча маселе каралды (видео)

 

Бүгүн, 19-сентябрда парламент жыйынында "Белизгейт" боюнча маселе каралды. Жыйынга УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жана башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев, КТРКнын директору Илим Карыпбеков келди.

Бул сунушту депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев киргизген.

2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда ал Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ошол кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.

14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: