super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын төрагасы: "Кыргыз мамлекетине Белизден эч кандай расмий документтер келген эмес"

 

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргыз мамлекетине Белизден эч кандай расмий документтер келбегендигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2018-жылдын 16-майында Башкы прокуратура тарабынан УКМКга келип түшкөн каттын негизинде биздин мекеме кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Белизден расмий түрдө кат түшкөн эмес. Андай документ УКМКда катталган эмес. УКМКнын кызматкерлери Мусаканов, Кенжешева Белизге иш сапары менен барып келген туура эмес маалымат. Мусаканов Москвага, Кенжешова Ташкентке мамлекеттик иш сапары менен барганы белгилүү болду", - дейт УКМКнын төрагасы.

2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ошол кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: