super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов: "2019-жылы мамлекеттин акчасына 10 той өткөрсөк жетиштүү"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов жооп берди.

Ал мамлекеттик тойлорду азайтуу боюнча өкмөткө сунуш бергенин айтты.

“Өкмөт жыл сайын токтом кабыл алат. Ага мамлекеттик тойлордун тизмеси, башкача айтканда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мааракелер киргизилет. Премьер-министр эрк көрсөтүп, ашыкча иш-чараларга тыюу салышы керек. Ушул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага да тойлорду азайтуу боюнча сунуш айттым. Ал колдоду.

Жакында эле Ысык-Көлдө бир той берилиптир. Анда 200гө жакын боз үй тигилип, автоунааларды байгеге коюшуптур. Буга, албетте, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн акча жумшалган. Анын ордуна мектеп, бала бакчаны ремонттоп, ал жерге “Бул кишинин мынча жылдыгына арналат” деп жазып койсо болот эле да. Премьер-министр 2019-жылдагы бюджеттен каржыланчу тойлордун тизмесин бекитип жатканда саналуу эле иш-чараларды киргизиши керек. Менимче, келерки жылы мамлекеттин акчасына 10 той өткөрсөк жетиштүү”, - деди Жамангулов.

Мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: