super.kg logo
  Саясат  

Эксперт Эмил Үмөталиев: "Той-топурдун элге пайдасынан зыяны көбүрөөк"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деген соболуна экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев жооп берди.

Үмөталиев өлкөдө той-топурдун көп өтүшүнө элдин экономикалык билиминин жок экени себеп деген пикирде.

“Мен мамлекет той-топурду өткөрүүнү токтотушу керек деп мурда эле сунуш айткам. Керектүү нерсени эл өзү эле жамааттын, туугандардын же жеке күч менен өткөрүп алат. Жаңылса да эл өзү жаңылат. Саясатчылар муну 3 максат менен өткөрүшөт. Биринчи максаты - коррупция. Мамлекеттик той өтөт деп акча топтолгон, чыгаша болгон жерде ортодон сөзсүз түрдө жардамчылар, уюштуруучулар чөнтөктөрүнө кымтый кетет. Ал көрүнүп турган иш. Бизде бардык мамлекеттин ишканалары ошондой. Биздин элдин базар аң-сезими алсыз болуп, экономиканы элибиз жакшы түшүнө албайт. Керек болсо орто, жогорку деңгээлдеги талкуунун катышуучулары да муну түшүнө албай келебиз. Экинчи максаты - бул саясий бийликти кармап калуу, улантуу. Жалпы элдин эсебинен, чакан топтун кызыкчылыгы, өздөрүнүн пайдасы үчүн тойлорду өткөрүшөт. Үчүнчү максаты - бул элди алдоо. Ишке көңүл буруп, көйгөйлөрдү чечкендин ордуна убактылуу элди алаксытуу. Мунун баары биздин сабатсыздыгыбыздан, куру намысчылдыгыбыздан улам келип чыгууда. Мамлекет той өткөргөндөн көрө мамлекеттүүлүктү курууга көңүл бурушу керек”, - деди Үмөталиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: