super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы спикери Абиров Атамбаевдин үйүн курууга тиешеси жок экенин айтты

 

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы спикери Жаныбек Абиров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик резиденциядагы 98 миллион сомдук үйүн курууга тиешеси жок экенин журналисттерге айтты.

"Абировдор үй-бүлөсү экс-президенттин үйүн курууга жардам берди" деген - бул жалган маалыматтар. Эч кандай мамилеси жок", - деди БШКнын спикери.

Буга чейин 31-мартта Атамбаев резиденциядагы үйдү өзүнүн жана досторунун күчү менен салганын айткан. Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул боюнча иликтөө жүргүзүп, Жаныбек Абировдун атасы Болотбек Абиров Атамбаевдин үйүн курууга жардамдашкан болушу мүмкүн деген версияны чыгарган.

Бул иликтөөдөн кийин Жаныбек Абиров "Болотбек Абиров - менин атам эмес, жөн гана фамилияларыбыз окшош" деп айткан. Бүгүн ал SUPER.KG порталына үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн атасы тууралуу жалган айтканын моюнга алды.

Абиров Жаныбек Болотбекович 1988-жылдын 22-декабрында туулган. Эки жогорку билими бар: Кыргыз-Орус Славян университетин юриспруденция кесиби боюнча жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кесиби боюнча бүтүргөн. КСДПнын тизмеси боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. Атасы Болотбек Абиров Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо боюнча акыркы жылдары тендерлерди утуп келген "Рассвет компани" ишканасынын негиздөөчүсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: