super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев: "Орусияга киргизилген санкциялар бизге терс таасирин тийгизүүдө"

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев экономиканын өсүшү үчүн мыйзамдарды эле өзгөртүп коюу жетишсиз экенин айтты.

“Статистикага ылайык, экономиканын көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Чындыгында экономиканын өсүшү боюнча жылыштар жок. Өнүгүү болуу үчүн көптөгөн кадамдар жасалышы керек. Мыйзамдарды жөн эле өзгөртө бербеш керек. Ишкерликке укук коргоо органдары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кол салбоосу зарыл. Ишкерлик боюнча жазылган мыйзамдар так болушу абзел. Экономиканын көрсөткүчүнүн төмөндөшүн көпчүлүк Орусияга каршы киргизилген санкцияларга байланыштырып жатышат. Менин оюмча да Орусияга киргизилген санкциялар бизге терс таасирин берип жатат”, - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономист Кубан Чороев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: