super.kg logo
  Саясат  

Экономист Кубан Чороев: “Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенден бери өнөр жай тармагы артка кетти”

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деген соболуна экономист Кубан Чороев жооп берди.

Чороев өлкөнүн экономикалык абалынын оор экендигин көрсөткөн көйгөйлөргө токтолуп өттү.

“Өлкө экономикасындагы жакшы жагдай - бул биздеги баалардын туруктуулугу. Бирок жумушсуздуктун деңгээли көп жылдан бери өзгөрбөй келет. Акыркы мезгилдерде жылына орто эсеп менен 60 миң киши жумуш издеп социалдык органдарга кайрылып турушат. Өзгөчө аймактарда жумушсуздук маселеси чечилген эмес. Бул сырткы миграциянын өсүшүнө себепчи болууда. Өлкөдө эмгек ресурсу негизги мааниге ээ болгону үчүн калктын жумушсуздугу экономиканын оор экендигинен кабар берет.

Дагы бир жагдай, Дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча жарандарга эң кымбат насыя берген өлкөлөрдүн арасында 6-орунда турабыз. Ишкерлерге арзан, узак мөөнөткө насыя берилсе, экономиканын өнүгүшүнө да таасири тиймек. Ошондуктан каржы системинде олуттуу өзгөртүүлөр жасалмайынча экономиканын өнүгүшү да кыйын.

Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери өнөр жай тармагы артка кетти. Былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга төмөндөптүр. Бул бизде өндүрүлгөн продукция коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу атаандаштыкты жарата албай жатат дегенди билдирет. Ушул эле көйгөй айыл чарбасына да тиешелүү. Биздеги экономиканын өнүгүшүнө таасир тийгизе турган тармак – бул туризм. Ушул тармакты натыйжалуу пайдаланып бир топ эле алдыга жылсак болот”, - деди Чороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: