super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн ЕАЭБдеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков: “Кумтөр” бүгүнкү күндө экономикабызды кичине артка тартып жатат”

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деп собол салды.

Өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаковдун айтымында, 2016-жылдан бери ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт жакшы темпте өсүп келе жатат.

“Кумтөрдү” кошпогондо 2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгына ылайык, экомикабыздын өсүшү 2 пайыздан ашты. Бул биз каалаган өсүштү көрсөтпөйт. Бирок туруктуу, жакшы өсүш деп эсептөөгө болот. Мындан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү 7 айдын жыйынтыгы боюнча 110 пайызды түздү. Бул жакшы өсүштү көрсөтөт. 2016-жылдан баштап ЕАЭБ өлкөрүнө экспорт кыйла өсүп келе жатат. Тигүү тармагынын продукцияларын экспорттоо бир жарым эсеге, минералдык ресурстар болсо 16 пайызга жогорулады. Бирок ошону менен бирге начар көрсөткүчтөр дагы бар.

“Кумтөр” бүгүнкү күндө экономикабызды кичине артка тартып жатат. Аталган компанияны кошкондо 2018-жылдын январь-август айларында мурдагы жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу бир аз жетпей калды. Бул ошол эле деңгээлде калды дегенди көрсөтөт. Бүгүнкү күндө бул боюнча өкмөт аракеттерин жасап жатат. Жылдын аягына чейин жакшы көрсөткүч менен чыгабыз деген ойдобуз”, - дейт Сазбаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, экономист Кубан Чороев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: