super.kg logo
  Спорт  

Лука Модрич жылдын мыкты футболчусу аталды

 

Футбол боюнча Хорватия улуттук курама командасынын жана "Реал Мадрид" футболдук клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич ФИФАнын версиясы боюнча 2018-жылдын мыкты футболчусу аталды.

"FIFA Best 2018" сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземи 24-сентябрда Улуу Британиянын Лондон шаарында орун алды.

Мыкты оюнчу наамы үчүн 10 футболчу ат салышып келген, алардын арасынан Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Мохаммед Салах финалдык үчтүккө чыккан. Мыкты оюнчуну улуттук курамдардын машыктыруучулары жана капитандары тандашкан. Натыйжада Лука Модрич добуштардын 29,05 пайызын алса, Криштиану Роналду 19,08 пайыз жана Мохаммед Салах 11,23 пайызды алган.

Муну менен Лука Модрич алгачкы жолу аталган сыйлыкка ээ болду. Акыркы 10 жылда бул наамды Лионель Месси (5 жолу) менен Криштиану Роналду (5 жолу) алып жүргөн.

Андан тышкары, "FIFA Best 2018" сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземинде "жылдын мыкты голу" жана "жылдын мыкты машыктыруучусу" наамынын ээлери аталды. Анда "жылдын мыкты голу" наамын Мохаммед Салах алса, "жылдын мыкты машыктыруучу" наамын Франция курама командасынын машыктыруучусу Дидье Дешам алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
25.09.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Салаттын кайсы командага киргизген голу мыкты болду?
25.09.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Romantik.,Салах
25.09.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лука 100%татыктуу!
25.09.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок Месси убагында месси болгон!!!5-алтын бутса,5-алтын топ
25.09.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Модричтин эмгеги чон болду быйыл. Жонокой.тыкан.таза жан кучтуу оюнчу бул Лука Модрич
25.09.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттукташ керек.
25.09.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раналдо татыктуу эле
25.09.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роналдо татыктууу эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: