super.kg logo

"Уулум соттолгону турат, акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө аттандым" дейт 4 күндөн бери жол жүрүп келе жаткан Сайтраим Абдилатов

 

"Акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө аттандым. Чындык үчүн өлүмгө да даярмын" деп SUPER.KG порталына 63 жаштагы Сайтраим Абдилатов билдирди.

Анын айтымында, 21 жаштагы уулу ак жерден кылмышка шектелип, убактылуу кармоочу жайда отурат.

"Мен Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын тургуну болом. 26-августка караган түнү Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Ошол түнү менин балам досу экөө унаа менен Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Бирок Караван айылына чейин жеткен эмес, балам айдаган унаа "кан болуп калган" деп милиция кызматкерлери бизди суракка алган. Унаа айып аянтчасында калган. 10 күн мурда уулумду да кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камап коюшту. Ошондон бери тиешелүү органдардын баарына кайрылып чыктым. Жыйынтык жок. Аргасыздан чындык издеп борборго жөө аттандым. Бул иш аягына чыкмайынча үйүмө кайтып келбейм. Акыйкат үчүн өлүмгө да даярмын.

Уулум унаа менен кишини сүзүп, башка жакка алып барып таштап кеткен деп шектелип жатат. Окуянын видеосун жактоочубуз көрсөттү. Видеодон ак түстөгү Жигули үлгүсүндөгү унааны көрдүк. Милиция бөлүмүнүн башчысы да ошондой унаа айдайт. Балким, башка бирөөлөрдүн кылган ишин менин баламдын моюнуна илгиси келип жатышкандыр. Кыскасы, балама күнөө артууга катуу аракет жүрүп жатат.

Жолго 22-сентябрь күнү чыккам. Бүгүн 4-күн. Азыр Кадамжай районуна жеттим", - деди Абдилатов.


кошулду





Чындык издеп Баткенден борборго жөө жөнөгөн Саидраим аксакал

"Күнөөсү жок уулумду камап коюшту" деген ата Баткенден Бишкекке жөө кетип жатат

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
25.09.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эхх
25.09.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Акталып чыксын ылайым баланыз
25.09.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эхх кана ошо чындык. Баланыз акталып чыксын.аминь.
25.09.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми борбордогулар угаар бекен сизди,бул жакта деле ощол жактагыдай каша кайнап атат да атаке,ээх журогум
25.09.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балаңыздын унаасы эмнеге кан болуп калган экен ?
25.09.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kelgile joldo jurgon tuugandar koldon kelgen jardamdy berip koyolu agabyz balkim chyn ele chyndykty izdep jolgo chykty. Iwi onunan chygyp tilegi orundalsyn.
26.09.2018. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул аксакалдын маселесин ошол райондук бийлик окулдору да конул буруп карап койсо болмок. Биздин милициядан бардыгын кутсо болот.
SUPER.KG видео
26.09.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх атаке актанып калсын уулунуз ата эне бала учун эмнелер Гана болбойт сабыр кылыныз кудайдан тилейбиз куда каласа чыгып калат
26.09.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындык
SUPER.KG видео
14.10.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендикдер такси мн ала келсенер олосунорбу Бир адамды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: