super.kg logo

Орусиядагы кыргызстандык жарандар “Чет өлкөлүктүн көз карашы” аттуу сүрөт сынагына катыша алышат

 

Кыргызстандыктар Орусиядагы Б.Ельцин атындагы президенттик китепкананын “Чет өлкөлүктүн көз карашы” аттуу 4-эл аралык сүрөт сынагына катыша алышат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстан менен кызматташуу өкүлчүлүгү маалымдады. Сүрөттөр чет өлкөдө жүргөн орустар тарабынан тартылган же башка өлкөлүктөрдүн Орусиядан тарткан сүрөттөрү болуусу зарыл. Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар сүрөт тартууну сүйүүчүлөр катыша алышат. Сынактын урааны “Өзгөрүлүп турган дүйнөдөгү тил” деп аталат. Сүрөттөр “Элдин өлбөстүгү анын тилинде”, “Жаңылоолор жана салттар”, “Башка бирөөнү таануу менен өзүңдү тааныйсың” жана “Настальгия” деп аталган 4 жалпы номинацияда бааланат. Мыкты тартылган сүрөттөр президенттик китепкананын фондуна киргизилип, ондогон жылдардан кийин тарыхый сүрөт болуп бааланып калмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: