Айдоочунун ур-тепкисине кабылган жаран унаа токтотуучу жайда иштеп жатканына 3 күн болгон
Бишкекте айдоочунун унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган видеосу интернетке тарап, кызуу талкууга алынып жатат. Ур-токмокко кабылган кызматкер журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып, аны менен чогуу иштеген Жумабек Шайымкулов SUPER.KG'ге окуя тууралуу оюн билдирди. Анын айтымында, айдоочулардын аларга карата мындай терс мамилеси байма-бай катталып келет.
"Ушинтип бизге келип ал-жайыбызды сурап, көңүл буруп койгонуңарга рахмат. Кесиптешим сабалган видеону эртең менен көрдүм. Унаа токтотуучу жайда уруштун баары 40 сомдун айынан чыгат. Айдоочулардын көбү "силер акчаны чөнтөгүңөргө салып жатасыңар, төлөбөйм" дешет. Бирок биз ар бир орунга төлөнгөн акчаны тапшырабыз, төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк беребиз. Баары тең мыйзамдуу. Унаа токтотуучу жайлар шаардык мэрияга караштуу.
Мен бул жерде 10 миң сом айлык алып, бир жарым айдан бери иштеп жатам. Ар бир кызматкер план менен иштеп, түшкөн акчаны дароо тапшырып турабыз. План боюнча ар бир кызматкер күнүнө 1 миң 300 сомдун тегерегинде акча тапшырат", - дейт Шайымкулов.
Ал эми ур-токмокко кабылган кызматкер аталган жайда иштеп жатканына 3 күн болгонун кошумчалады.
Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин ур-тепкиге алган айдоочу камакка алынды







1 |