super.kg logo
  Саясат  

Президент Коопсуздук кеңешине элчи Кылычбек Султандын жана ТИМдин билдирүүлөрүн изилдөөнү тапшырды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүлөрүндө жана элчини бир катар себептер менен, анын ичинде ал тараптан кеткен катачылыктарга байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Элчинин, кийинчерээк Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, президент Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөнү объективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар мамлекет башчысына берилет", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан кемчиликтерди атап берген. "Элчиликтерде акча талап кылган учурлар, чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик жолу менен жеткирүү фактылары, чет өлкөдө дипломаттык номерлерди пайдалануу фактылары, дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломатиялык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматты жеткирүүнү чечтим", - деген элчи.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: