super.kg logo

Жанар Акаев: "Демилге" кыймылына кызматка барбай деле Кыргыз мамлекетине жардам берсем дегендер чогулууда"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Демилге” деген кыймыл түзүп, бир топ активдүү жаштарды бириктирип, ар тараптуу иш-чараларды өткөрүп баштады. Кыймылдын максаты тууралуу эл өкүлүнөн сурадык.

- Жакында Москвада мигранттар үчүн ири иш-чара өткөрдүңүздөр. Анын максаты кандай болду? Шайлоого даярдык дегендей кабыл алгандар да болду окшойт?

- Cоңку учурда Орусиядагы мекендештер тууралуу негативдүү маалыматтар көп таркады, мушташты, сүзүп кетти, бычактады деген жаңылыктар көп болду. Ошол эле учурда интернетте сырттагы мекендештерди тынч жүрсөңөр боло деп тилдегендер көбөйдү. Бир окуядан улам эле жалпы Орусиядагы мекендештер тууралуу сөз кылып, аларды тилдеген туура эмес. Миллиондогон жарандарыбыз дал ошол сыртта иштеп, алар жиберген каражат Кыргыз мамлекетинин экономикасынын өзөгүн түзүп жатат. Жүз миңдеген үй-бүлөнү багып жатышат. Ошон үчүн алардан биз тынбай кабар алып, жок дегенде жылуу сөзүбүздү айтып, алардын жакшы жагын дагы даңазалап турушубуз керек. Мамлекеттик тил күнүнө биз Москвада футболдук турнир уюштурдук, ага 60 команда катышты. Андан сырткары маданий иш-чара болду, эл-жерин сагынган мекендештер үчүн тил, улут тууралуу поэзия ырлары жаңырды. Мунун баары керек нерсе, бизге, уюштуруучуларга абдан көп киши келип алкыш айтышты. Шайлоого эч кандай тиешеси жок, азыр шайлоо болгуча көп убакыт бар, мен мурда барганда Москвадагы кыргыз жаштарына сөз бергем, ошол убадабызды аткардык. Биз муну жыл сайын уюштуруп турууну максат кылып жатабыз.

- “Демилге” кыймылынын максаттары кандай? Ал кыймылда кимдер бар?

- Азырынча саясий максат жок. Мен болгону өкмөткө дайыма парламенттен сунуш, сын айтып турам. Көп маселеге көңүл бурулбай калат. Ошондуктан өзүмдүн жакын санаалаш досторума "бир кыймылга чогулалы да Кыргыз мамлекетине пайдалуу иштерди өз алдыбызча өкмөттү күтпөй эле жасай берели" деп айтсам, алар колдоого алышты. Жаштарга арналган иштерди көп жасасак деген ой бар. Азырынча Бишкек шаардык кеңешинен айрым депутаттар кошулду, башка да активист жаштарды чогултуп жатабыз. Ошол эле Москвадагы иш-чара “Демилгени” колдогусу келген Орусиядагы жаштардын өздөрүнүн колдоосунда өттү. Эми жакында жаштардын республикалык деңгээлдеги дагы чоң иш-чарасын өткөрөбүз. Ошондой эле “Демилге” кыймылы менен Ооганстандан көчүп келген кыргыздарды турак-жай менен камсыздоо маселесин да колго алууну пландап турабыз. Мунун баары элдин колдоосу менен болот. Биз болгону демилге көтөрүп, андан натыйжа көрсөтөбүз.






Жанар Акаев "Демилге" кыймылына кызматка барбай деле Кыргыз мамлекетине жардам берем дегендер чогулууда" дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
30.09.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат Жанар! Жанардай 40 депутат болсо жетет бизге. Калган 80 жепутаттын кереги ташка!
30.09.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанар азамат. Келечекте Жанардай жаштар коп болсо. Сокеге ишенич жок. Оз элин мыйзам менен башкара албаган Соке, кыргыз элин карангы кылып дин менен башкарам дейт ойлойт окшойт. Мечиттерден умут арткан Сокеге, эл умут артышы кыйын.
filis түзөттү 2018-09-30 20:41:29
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: