super.kg logo
  Спорт  

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи. Балбандар 8 медаль утуп алышты

 

29-30-сентябрь аралыгында Орусиянын Бердск шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул мелдеште Кыргыз балбандары окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында катышып, 8 медаль утуп алышты.

Мелдештин жыйынтыгында кыргыз балбандар 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты. Алтын медалдарды 55 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков жана 77 килограмм салмак ченинде Кайрат Түгөлбаев тагынышса, күмүш медалдарды Балбай Дордоков (55 килограмм), Рустам Тейишов (60 килограмм), Тынарбек Шаршенбеков (63 килограмм) жана Руслан Царев (72 килограмм) тагынды. Ал эми коло медалдардын ээси Калидин Асыкеев (87 килограмм) жана Бексултан Махмудов (97 килограмм) болду.

Муну менен Кыргыз курама командасы жалпы медалдык эсепте 1-орунду ээледи.

Бул мелдештин жыйынтыгы менен Венгриянын Будапешт шаарында 20-22-октябрь аралыгында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасы түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.10.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бексултан Махмудов Акжол Махмудовтун бир тууган агасы деген ушул экенда.Барекелди патриот бир туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: