super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ирина Карамушкина: "Президенттерди көбүнчө ага кызмат кылган аппарат жана айланасындагылар "ажыдаарга" айландырат"

 

Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

Ал белгилегендей, президенттерди көбүнчө ага кызмат кылган аппарат жана айланасындагылар "ажыдаарга" айландырат. "Президенттин ачуусунан корккон бөлүм башчылары чындыкты жашырып, мамлекет башчыга бурмаланган маалыматты жеткиришет", - деген пикирде депутат.

"Конституцияга ылайык, президенттин бир гана мөөнөтү бар, ал тышкы саясатка көбүрөөк көңүл буруш керек. Алмазбек Атамбаев өзүнүн мисалында туура үлгү көрсөттү. Эгер президент бир мөөнөттүн ичинде ажыдаарга айланса, кийинки мамлекет башчы “ажыдаарды торго” киргизүү процессин башташы мүмкүн. Эми ар бир президент кийинкиге өлкөнү экономикалык, маданий жана саясий жактан өнүгүп жаткан абалда өткөрүп бериши керек, анткени ал мамлекетти жана элди мындан ары да өнүктүрүш керек", - деди Карамушкина.

Саясатчы Азимбек Бекназаров, журналисттер Нарын Айып, Бермет Букашева, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: