super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча кыздар арасындагы жаштар (U-19) курама командасы жолдоштук беттеште Тажикстан курамасын жеңди

 

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча кыздар арасындагы жаштар (U-19) курама командасы жолдоштук беттеште Тажикстан курамасын утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Аталган беттеш Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын талаасында орун алды. Беттештин жүрүшүндө кыргыз футболчулары 2 гол киргизсе, тажик футболчулары 1 гол менен жооп берди. Кыргыз курамасынан гол ээлери Бактыгүл Токтоболотова жана Кенжебүбү Ырысбек кызы болушту.

Айта кетсек, жолдоштук беттешти Кыргыз курама командасы жаштар (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабына даярдануу максатында өткөрүүдө. 3-октябрда кыргыз футболчулары кайрадан Тажикстан курама командасы менен беттешип, 5-октябрда Өзбекстандын "Хожаабадка" клубу менен беттешет.

Кыздар арасындагы жаштар (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы Бишкек шаарында 20-28-октябрь аралыгында өтөт. Анда кыргыз футболчулары Өзбекстан, БАЭ, Гуама жана Мальдив аралдарынын курама командалары менен кез келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: