super.kg logo
  Саясат  

Талантбек Исаевге ИИМдеги мурдагы кызматына кайтып келүү боюнча сунуш түшкөнү айтылууда. Бул боюнча Талантбек Исаев жана министрлик жооп беришти

 

Генерал Талантбек Исаевге Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылык кызматына кайра кайтып келүү сунушталганы айтылууда.

ИИМдин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына мындай маселе жок экенин билдирди. Ал эми Талантбек Исаев сунуш түшпөгөнүн айтты.

Талантбек Исаев - Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы. Канат Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынганда, агасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын арызын ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган. Учурда Канат Исаев үй камагында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: