super.kg logo

“Жалгыз карындашымдын өлүмүнө күнөөлүүлөр өздөрүн актоо менен алек. Окуядан кийин апам катуу ооруп калды” дейт маркумдун агасы

 

“Карындашымдын телефону кырсыктан бери менде жүрөт. Телефон ушинтип талкаланып кеткен”Жалгыз карындашымдын өлүмүнө күнөөлүүлөр жарым жылдан бери өздөрүн актоо менен, күнөөнү бири-бирине оодарып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда SUPER.KG порталына мындан 6 ай мурун жол кырсыганан каза болгон Каныкей Алмазбекованын бир тууган агасы Арзымат Алмазбеков билдирди.

"Жалгыз карындашым Каныкей болгону 22 жашта болчу. Жашоого умтулуп, алдыда ишке аша элек пландары көп эле. Ушул жылдын 9-апрелинде жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. 70 күн жашоо үчүн күрөштү, бирок ошончо убакыт эс-учу жок абалда жатты. Карындашым бир дагы жолу көзүн ачкан жок. Жол кырсыгына күнөөлүү катары карындашым келе жаткан унааны сүзгөн экинчи унаанын айдоочусу Азамат Таалайбек уулу кармалган.

Карындашым шаардагы кафелердин биринде иштечү, жумушу эрте бүткөн күндөрү өзү кетип калчу. Ал эми кечирээк болуп калса, жумушунун жетекчилиги жеткиртип койчу. Каргашалуу окуя болгон күнү карындашымды Абит Оморов аттуу түрк улутундагы ишканасынын жетекчиси алып келе жаткан экен. Унаада карындашымдан башка, Оморовдун апасы жана атасы да болгон. Оор жаракат алган апасы ооруканага жетпей жан берген. Ал эми атасы ар түрдүү жаракаттарды алган. Ошондой эле карындашым да жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Мен кабарды угарым менен түндөп Таластан жолго чыктым, таңкы саат 4:00дө ооруканада болуп калдым.

Башыбыздан оор күндөр өттү. Башында 10 күндөй камакка алынган айдоочунун туугандары келип сурап жатты. Жумушунун жетекчиси Абит Оморов да жардам беримиш болду. Окуядан 10 күн өтүп карындашымдын абалы начарлап кетти. Жардам беребиз деген күнөөлүүлөрдөн дайын жок болуп калды. Кымбат дары-дармектер, кан керек болуп жатты. Мен жардам беребиз деген айдоочунун туугандарына, карындашым иштеген кафенин жетекчисине чалдым, башында телефондорун албай жатышкан. Кийин колуңардан келгенин кылгыла дешти. Абит деген киши “менин күнөөм жок, күнөөлүү абакта отурат” деген жообун узатты. Акча таппай, мечиттердеги битир-садаганы сураганга чейин бардым. Ошентип акча издеп, кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде мага ооруканадан чалып, дароо келе кал, кан керек дешти. Шашып барсам, карындашым кайтыш болуп калыптыр", - дейт маркумдун агасы.

Арзымат Алмазбековдун айтымында, жалгыз кызын жоготкон эне менен таенеси окуядан кийин катуу ооруп калган.

Учурда апамдын абалы оор, ал азыр да кайгыдан арыла элек, күйүттө жүрөт. Атамды жоготконума 16 жыл болду, ишенген адамыбыз жок. Октябрь айынын аягында Каныкейди турмушка узатмакпыз, ал шаарда иштеп, мен айылда иштеп үйдү оңдоп-түзөп жатканбыз. Ортодон ушинтип кызыбызды жоготуп отуруп калдык. “Мени бул нерсе өкүндүрөт, биз жакыныбызды, жалгызыбызды жоготтук. Ал эми айрымдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, жаман нерселерди жазып жатты”. Интернет колдонуучуларга кайрылат элем, жол кырсыгы тууралуу видео чыккандан кийин окуянын кандай болгонун билбей, карындашымды тааныбай туруп кантип оозго алгыс сөздөрдү жаза алышат?" - дейт Алмазбеков.

Анын айтымында, бул жол кырсыгында эки айдоочу тең күнөөлүү, демек, эки тарап тең жазасын алууга тийиш.

"Окуя болгондон бери эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп, өздөрүн актоо менен алектенип келүүдө. Бири баласын актаса, экинчиси менин күнөөм жок дейт. Бирок бири да апамдын алдына келген жок, көз көрсөткөн жок. Болгону карындашымды жерге бергенден кийин арты кайрылуу болсун деп телефон чалышкан. Менин апам, таенем шаарга келбейт, алар шаарды көрөйүн деген көзү жок. Мен бул ишти көзөмөлдөп бергиле деп президенттик аппаратка, УКМК, Башкы прокуратурага да кайрылгам. Айрымдарынан жооп келди, бирок ал жооптор деле көңүл жылытарлык эмес. Ишенгеним сот болууда, сот акыйкат чечим чыгарып, бул жол кырсыгына күнөөсү барлардын баары жоопко тартылса дейм", - дейт маркумдун агасы.


кошулду





Карындашымдын өлүмүнө күнөөлүүлөр өздөрүн актоо менен алек

Карындашымдын өлүмүнө күнөөлүүлөр өздөрүн актоо менен алек 2

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
03.10.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сабырдуу болгула!куноолулор камалсын!
04.10.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кооп нерселерди жазгым келди,бирок олгондон кийин жаман соз айтпайт дешет го,байкеси куноолуулор жазаланып буткон менимче....
04.10.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
monster_high_98,бул эмне дегенин ошондо
04.10.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
monster_high_98,жазбайсынбы учун чыгарып койбой!
04.10.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi bizde jashoo jyrgal da, kochodon biroonu tebelep ketsen dele jaza albaisyn, akchan bolso sotko berip kutulasyn, boldu ertesi kaira mashinandy zuuldatyp kochodo aidap juro beresin. Otkondo bir jash kyzdy mashina suzup ketken eken, korso aidoochu ushunu menen 7-jolu biroonu suzup ketiptir, emi ozunor tyianak chygara bergile.
Медиа-портал
04.10.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunooluulor jazasyn alsyn!!! Sottor kachan akyikat ishteshet. Biroonun jakshynakai kyzyn olturushtu, ozdorunun bashyna kelsin oshondo bilishet.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: