super.kg logo
  Саясат  

Конституциялык палата экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу сунушу боюнча чечим чыгарды

 

Конституциялык палата экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу сунушу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов маалымдады.

Анын айтымында, аталган палата "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп тапты. "Түшүнүктүүрөөк айтканда, Конституциялык палата "бул берене экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедураларын камтыбайт" деп айтты. Муну менен палата Жогорку Кеңешке "экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун процедураларын мыйзамга киргизиш керек" деп кыйыр түрдө билдирди. Ошондой эле "экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедурасы президентти кызматтан бошотуу процедурасынан жеңил болбошу зарыл" деген бүтүм чыгарды", - дейт Токтакунов.

Эске салсак, Токтакунов апрель айында Конституциялык палатага экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу сунушу менен кайрылган.

Буга чейин депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттердин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышкан.

"Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын 12-беренеси:

"Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Экс-президенттин кол тийбестик укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат".


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: