Депутат Бекешев: "Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев космосто жүрө бербей, элге кандай реформалар жүрүп жатканын түшүндүрүшү керек"
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан реформалар тууралуу элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Саламаттыкты сактоо тармагында бир топ реформалар болуп жатат. Бирок түшүнүксүз реформа жүрүүдө. Коомдук талкуу болбой, жабык режимде болууда. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев космосто жүрө бербей, элге кандай реформа болуп жатканын, кандай пайда боло турганын түшүндүрүшү керек. Бул маселе боюнча коомдук талкуу өткөрүүнү сунуштайм", - деди Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

