super.kg logo

"Бакай Банк" өзүнүн 105 жаштагы аманатчысын Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

 

"Бакай Банк" Ачык акционердик коомунун кызматкерлери 105 жаштагы аманатчы Журабай Ашуровду Эл аралык карылар күнү менен куттукташты. Ал Базар-Коргон районунда жашайт, 4 баласы, 2 кызы, 30 небере жана 60 чебереси бар. Журабай Ашуров көп жылдан бери "Бакай Банктын" ардактуу кардары болуп саналат.

Улуу муундагыларды сыйлоо, кадырлоо жана аларды эстеп туруу кылымдардан бери Азия элинин салтка айланып калган баалуулуктарынын бири болуп калды. Мына, 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүндө корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана салтты утурлай "Бакай Банк" өзүнүн эң улуу аманатчысын куттуктоону чечти. "Бакай Банк" ААКсынын Жалал-Абаддагы филиалынын башчысынын орун басары Таалайбек Кыргызбаев жана компаниянын кызматкерлери анын үйүнө барып, жетекчиликтин атынан куттуктап ага ден соолук, оптимизм жана жашоого күч-кубат каалап келишти.

"Көңүл бурганыңар үчүн рахмат. "Бакай Банкка" киргенде дайыма мени сыйлуу кардары катары жакшы кабыл алышат. Банк жакшы иштейт, мага баары жагат. Банк өсүп-өнүгүшүн, бардык жакшылыктарды каалайм", - Журабай Ашуров.

Анын уулу Кадырбек Ашуров да атасын Эл аралык карылар күнү менен куттуктап келгендерге ыраазычылык айтты. "Менин атам бир кылым жашады, ден соолугу чың экенине кубанып турабыз. "Бакай Банк" өңдүү өнөктөшү кам көрүп келип, ден соолугунан кабар алганына кубанычтабыз", - деди ал.

"Биз "Бакай Банктын" эмгек жамаатынын атынан кадырлуу кардарыбызды Эл аралык карылар күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Ал биздин кызматтарыбызды көп жылдан бери пайдаланып келген мыкты кардарыбыз. Сизге ден соолук, бакубат жашоо каалайбыз", - деди Таалайбек Кыргызбаев.

1-октябрь - Эл аралык карылар күнү. Бул күндү белгилөө 1991-жылы БУУнун 45-сессиясында кабыл алынган.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга тез жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: