super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мадеминов: "Атамбаевдин жасаган иштеринин жакшы жагын дагы көрө билүү керек"

 

"27 жылдын ичинде 10 миллиард доллардан ашык акча насыя жана гранд үчүн сырттан алынган. Анын ичинен 4 миллиард доллары 2010-2017-жылдарга, тагыраагы, Алмазбек Атамбаевдин мезгилине туура келиптир. Бул мурдагы президенттин тышкы саясатты туура жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгыбы?” - деп депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында каржы министринен сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев муну эл аралык финансылык уюмдар ушул жылдар аралыгында гранд берүүнүн көлөмдөрүн көбөйтө баштагандыгы менен байланыштырды.

Ал эми депутат Мадеминов каржы министрин Атамбаевдин убагында жасалган иштердин жакшы жагын да көрө билүүгө чакырды.

“Атамбаевдин убагында Орусияга жана Түркияга болгон ири суммадагы карыз акчалар кечирилген. Ошондой эле ал башкарган жылдарда өлкөгө кредит катары сырттан көптөгөн акчалар келген. Кемчиликти эле айта бербей жасаган иштердин жашкы жагын да көрө билүү керек. Эмне үчүн сиздер Атамбаевдин убагында Орусиядан өлкөгө келген гранттарды, аскердик жардамдарды айтпайсыздар? Орусиядан жылына 30-50 миллион долларга чейин грант келип турчу. Эмне үчүн быйылкы жылдын планында бул тууралуу жок? Эмне Атамбаев барып сүйлөшүп келсинби?” - деди Мадеминов.

Каржы министри Адылбек Касымалиев Орусиядан быйыл гранд алуу каралбаганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: