super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "27 жылдан бери сырттан алынган акчалар туура эмес пайдаланылган. Ал үчүн 30 өкмөт башчы жооптуу"

 

“Сырттан алынган 10 миллиард долларга жакын акчаны туура колдонсок өлкө да өнүкмөк, президенттер да качмак эмес” деп депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитеттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн билдиришинче, алынган карыздар туура эмес пайдаланылганына 30 өкмөт башчы жооптуу.

“Өлкө эгемендик алгандан бери 10 миллиард долларга жакын акча сырттан алынган. Анын 7 миллиард доллары насыя, ал эми 3 миллиард доллары грант катары алынган. Бул акчаларды туура колдонгонубузда өлкөбүз өнүкмөк, бир дагы президент качмак эмес.

Сырттан алынган гранттар Жогорку Кеңеште белгилүү болуп турушу керек. Ал эми кредиттердин кайда сарпталганы Улуттук банктын көзөмөлүндө болушу шарт. 2010-жылдан бери Кытайдан 20 жылдык мөөнөт менен насыя алынды. Бул убакыт төлөө үчүн эң аз мөөнөт. Мына 2023-жылдан баштап карыздарды төлөөнүн негизги учуру келет. Алынган акчалар жумшалган долбоорлордун кайсынысы иштеп жатат? Датка-Кеминден башка бир дагы долбоор толук түрдө иштеп баштай элек. Бизди сырттан башаламан карыз алганыбыз үчүн эч ким кечирбейт. Мындан ары сырттан алынган акчаны сомдун туруктуулугу деп ар кайсы тармакка жумшабай, экономиканын өнүгүшүнө сарптоо зарыл”, - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: