Эксперт Азамат Аттокуров: “Мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайыздык чек коюу - популисттик кадам”
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна эксперт Азамат Аттокуров өз пикирин билдирди.
Аттокуровдун айтымында, карызга алынган акча каражаттарын кирешелүү тармактарга сарпташ керек.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева, Төрөбай Зулпукаров жана экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.
кошулду

