super.kg logo
  Саясат  

Аида Касымалиева: "Министр болоюн деген ниетим жок"

 

Депутат Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болгусу келет" деген сөздөр боюнча пикирин айтты.

"Менин министр болоюн деген ниетим жок. Министрликтин жетекчилиги минтип теманы башка жакка бурууга аракеттенүүдө. Мени кызмат кызыктырбайт, системдик маселелерди чечүүнү көздөп жатам.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги - кимдир-бирөөлөрдүн негизги курс боюнча квалификациясын жогорулатуучу эксперименттерди жасоочу мекеме эмес. Бул министрликке калктын эң аярлуу катмары менен иштей турган кесипкөй адам керек. Акыркы болгон окуялардан кийин бул тармакты жөнгө салууга дагы канча убакыт керектигин билбейм. Министрлик саясий күрөштүн инструменти эмес. Бул тармактын жетекчилигине туура дайындоо - мамлекеттин жүзү", - дейт Касымалиева.

Буга чейин Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана анын орун басарлары бюджеттин эсебинен бир нече өлкөгө барганын айтып чыккан. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Касымалиеванын айыптоолору негизсиз, анын максаты - жалпы системди каралоо" деп жооп кайтарган. Башкы прокуратура министрликтин жетекчилеринин сапарлары боюнча жыйынтык чыгарган. Ага ылайык, министр жана орун басарлары кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду беришкен эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: