Малайзияда өлүм жазасы алып салынышы мүмкүн
Малайзиянын бийлиги өлүм жазасын алып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоодо. Аны жакын арада парламенттин жыйынында карашмакчы. Мындай маалыматты The Straits Times гезити премьер-министрдин департаментиндеги юриспруденция маселесине жооптуу министрге шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматта айтылгандай, мыйзам долбоору даяр. Жакын арада Башкы прокуратура аны парламентке берет. Министр белгилегендей, өлүм жазасын алып салуу маселеси мыйзам жүзүндө каралып бүткөнчө, өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизилип турмакчы. Мораторий мезгилинде өлүм жазасына кесилген кылмышкерлерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулмакчы.
Малайзиянын мыйзамына ылайык, кылмышкерлер үчүн жазанын эң оор түрү болгон өлүм жазасына адам өлтүрүү, адамды өлтүрүү максатында барымтага алуу, баңгизатын ташуу жана таратуу, курал-жарактын контрабандасы сыяктуу кылмыш жасагандар тартылат. Акыркы 10 жылдын (2007-2017-ж.ж.) ичинде Малайзияда жалпы 35 кылмышкер өлүм жазасына тартылган. Оор жаза кылмышкерди дарга асуу менен ишке ашат.
Учурда Малайзиянын түрмөлөрүндө 1200дөн ашуун өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер отурат.

адамдар кырылат! биринин созу бирине жакбаса
кеттин да педофил болчу олум жазасына тартылды
деген шылтоо менен! анан бир эки жылдан кийин
чукуп башташат ал акыйкатсыз соттолуптур деп.
анда кеч болуп калат