Базар-Коргондогу автобекетте айылдашына бычак сайган 24 жаштагы адам 20 жылга эркинен ажыратылды
Базар-Коргондогу автобекетте айылдашына бычак сайган 24 жаштагы адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Сулайман Эргешов маалымдады.
"Базар-Коргон райондук соту 24 жаштагы айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденгенин эске алуу менен аны 20 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөп, мүлкү конфискацияланат", - дейт Эргешов.
Эске салсак, 7-майда окуянын күбөсү "Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан улам каза болду" деп кабарлаган. Кийин Жалал-Абад ОИИБинен кылмышка шектүү кармалганын, ал маркум менен айылдаш экенин билдиришкен.
Базар-Коргондогу бычакташуудан 19 жашар жигиттин өмүрү кыйылды
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
AzKumFerDan

SUPER.KG видео
08.05.2018. 00:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобо 10гулунон бир гүлү ачыла эле жапжаш жигит э кайран өмүрү кыйылды бир ахмактын айынан.жазасын алсын ...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.