super.kg logo

Кара-Сууда жүгөрү талаасына жашынып, кийин Ысык-Көлдөн колго түшүрүлгөн адам ондон ашуун кылмышка шектелүүдө

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда жүгөрү талаасына жашынып кийин Ысык-Көлдөн колго түшүрүлгөн Жылдызбек Бекмурзаев 10дон ашуун кылмыш иштери боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

"Кылмышкерди издөө иштери алгач Кара-Суу районунда жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында ал Ысык-Көл аймагына чыгып кеткендиги тууралуу маалымат түштү. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан кылмышкер Каракол шаарынан колго түшүрүлгөн. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарына алып келинген. Учурда №1-СИЗОдо камакта отурат. Ал ондон ашуун кылмыш иштерине катыштыгы бар деп шектелүүдө, ошондой эле азыркы тапта ал уюштурган топтун дагы эки мүчөсү изделүүдө", - дейт Сейитов.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Ж.Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен. 15 күндөн кийин ал Каракол шаарынан колго түшүрүлгөн. Кылмышкердин жанынан кутучаларга салынган 20 даана гашиш болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.10.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жабылбаган иштин баарын бул балага гонторуп салдыго Эми эмне болот
12.10.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жугору талаасынан чыгарбай кармаш керек болчу.
13.10.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менттерге асмандан издегени жерден табылдыда. Кыйнап эле мойнуна алдырды да.
13.10.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир мисал. Биронун короосунан кой жоголот. Ал арыз жазат, менттер жон эле бироону кармап,башына пакет кийгизип кыйнап мойнуна алдырат. Анан эле эртеси кой табылдыда. Корсо койлор коншу сарайдагы койлорго кошулуп кетиптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: