super.kg logo
  Саясат  

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин дагы бир орун басары Жылдыз Полотова кызматтан кетти

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин дагы бир орун басары Жылдыз Полотова кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, Жылдыз Полотова берген арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин министр Таалайгүл Исакунова, анын орун басарлары Лунара Мамытова, Зууракан Каденова кызматтан кетишкен.

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин сапарлары боюнча иликтөө жүргүзүп жыйынтык чыгарган. Ага ылайык, министр Таалайгүл Исакунова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Орусия (2), Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литва) сапар жасаганы аныкталган. Бирок ал кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары Исакунова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: