Изделип жаткан бир туугандар жана алар менен кошо жоголгон тууганы Токмоктон табылды. Алар ата-энеси менен урушкандан кийин үйдөн чыгып кетишкени айтылды




Чүйдө дайынсыз жоголгон бир туугандар жана алар менен кошо үйдөн чыккан тууганы табылды. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.
Айта кетсек, 2000-жылы туулган Ырысбек Султанов (Максүталиевич), 1999-жылы туулган Альбина Максүталы кызы жана алардын тууганы 2001-жылы туулган Алина Канат кызы 2018-жылдын 17-сентябрында Кырман конушундагы үйүнөн Мерседес-Бенц-210 үлгүсүндөгү унаа менен чыгып, кайра келишкен эмес. Кийинчерээк унаа Келечек конушунан табылган.
"Дайынсыз жоголгондор 15-октябрда Токмок шаарынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Алар үйүнөн ата-энелери менен болгон уруштан кийин кетип калышканы белгилүү болду. Өспүрүмдөр бир нече жолу жашаган жерин алмаштыргандыктан, аларды издөө иштери созулуп кеткен", - деп билдирди маалымат кызматы.
кошулду
Ата-энеси менен урушкандан кийин үйдөн чыгып кеткен бир туугандар табылды










1 |