super.kg logo

Эмгек акысын ала албай калганын айткан Кыргыз жарандары боюнча аларды жумушка жиберген компания түшүндүрмө берди

 

Буга чейин 46 Кыргыз жараны Бишкектеги "Фиеста сервис" компаниясы аркылуу Түркияда иштеп, бирок эмгек акысын ала албай көчөдө калганы жарыяланган. Бүгүн, 16-октябрда аталган компаниянын жетекчиси Канат Чынботоев жогорудагы жагдай боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрүп берди. Анын айтымында, 46 адамдын 17си Кыргыз жерине учмакчы болуп, бирок билеттери жараксыз болуп 3-4 саатка аэропортто кармалып калышкан.

"Биздин компания Түркиянын Кемер шаарындагы "Авангард" деген мейманкана менен келишим түзүп, 46 жаранды июнь айында жумушка жибергенбиз. Алардын бирөө телефон уурдап, экөө жумушка чыкпай коюп келишимди үзгөнбүз. Кийин дагы эки жаран бул жакка келе берген. Ошентип 41 адам калса, алардын 17си дагы айлыктарын күтпөй эле суранып отуруп эрте кетүүнү каалашкан. Шарт боюнча мейманкана жабылганга чейин 6 ай иштөөсү керек болчу. Бирок бул жакта жумуштары бар экенин айтышкандан кийин суранып отуруп макулдук алып бергем. Ошентсе да "15-октябрда айлыгыңарды алып андан кийин кеткиле, кийин алып бере албай калам" деп эскерткем. Себеби алардын акча которгон карточкалары жок мен кантип алып бермек элем? Бирок 13-октябрга билет алдырып аэропортко барышкан. Белгисиз себептерден билеттери жараксыз болуп калып 3-4 саат отуруп калышыптыр. Биздин Түркиядагы өкүл тарабынан алар мейманканага жайгаштырылып учурда айлыктарын күтүп жатышат. Буюрса, ушул жуманын ичинде сентябрда жана октябрда иштеген күндөрүнүн акчасы төлөнүп берилип, 19-октябрда жолго чыгышат. Калган айлыктарын бүт алышкан", - деди Чынботоев.

Ал эми жумушчулар шарты жок жерде жашаганын айтып жатышса, аны Чынботоев төгүнгө чыгарды. Анын белгилешинче, ал жерде иштеп жаткандар мейманкананын ичинде жана сыртында жумуш кылышат. Ал үчүн бардык шарттар каралган.

"Мен дагы 2 ай ошол жерде болуп жакында гана келдим. Жакшы шартта турушат. Бирок Анталия негизинен ысык жер болгондуктан анын баарын мен муздак жерге отургуза албайм да. "Иш таап бер" деп өздөрү келишкен. Анан ар бирине 240 доллардан төлөп жибергенбиз. Экөө гана ал акчаны кайтарып берсе, калганы бере элек. Андан сырткары келишим боюнча ар бири 1 миң 600 лирадан алыш керек болсо, сүйлөшүп отуруп 200 лирага көбөйтүп бергенбиз. Андан сырткары келген коноктордон чай акы алып турушат", - деди компаниянын жетекчиси.


кошулду





Түркияда эмгек акыларын ала албаган жарандардын маселесин Кыргыз консулдугу көзөмөлгө алды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.10.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул фирмаларды активистер караса контрактары элди эптеп алдамай
16.10.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарын текшериш керек кыргыздын таламын талашпайт түрктөрдүн сөзүн сүйлөт
16.10.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында башка олкого бараарда шартын толук тушунуп, келишимди 1 окуп тушунбосон 10 жолу окуп анан кол коюш керек. Дубайга келген канча Кыргыз жарандары келишимди аягына чыгарбай эле кетип калышкан. Банктан 20,000$ же андай коп акча алып качып кеткендери дагы коп. Кайда барсак дагы жакшы сапаттарыбызды коргозолучу.
17.10.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул фирмалар кыргызстан жомокту айтып жонотот турцияга келгенден кийин сен кимсин дейт уяты жоктор
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-17 12:21:58
17.10.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 айга чейин айлыктарын алып бере албасагар неге адам жонотосунор кан соргуч фирмалар булардын жоопкеочилигин караш керек супер инфо
17.10.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турциядан жумуш ордун даярдап беребиз деген канча компания бар ошолорду тактап сурамжылап корсонор урматтууу супер инфо жамааты.
17.10.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы? Сунуштарды эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: