super.kg logo

"Россия-2018" уюштуруу комитетинин изилдөөсү: Футбол боюнча өткөн чемпионат Орусиянын экономикасына 950 миллиард рубль киреше алып келди

 

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Орусиянын экономикасына болжолдуу түрдө келтирген жалпы пайдасы 950 миллиард рублду түздү. Жакынкы 5 жылда Орусиянын экономикасындагы 1 жылдык өсүш 150-210 миллиард рублду түзүп келген. Мындай маалыматты "Россия-2018" уюштуруу комитетинин изилдөөдөн кийинки жыйынтыгына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазды.

"Орусияда өткөн 2018-жылдагы футбол чемпиондугунан түшкөн топтом 2013-2018-жылдар аралыгындагы ички дүң продукциясына 952 миллиард рубль пайда келтирген. Бул пайда инфраструктурага инвестиция тартуудан, чемпионат учурундагы туристтердин керектөөлөрүнөн жана башка чемпиондукка даярдык көрүүлөрдөн шартталган", - деп жазылат маалыматта.

Ички дүң продукциянын 2013-2018-жылдар аралыгындагы өсүүсү калктын эмгек кирешелеринен 459 миллиард рублга жетип, 315 миң жумуш орундары түзүлүшүн шарттаган. Ошондой эле салыктардан түшкөн каражат 164 миллиард рублга жеткен.

"Бул убакыт аралыгындагы кичи жана орто ишкердик 797 миллиард рублга өскөн. Анын ичинде жогорку салым курулуш жана туристтик тармактардан түшкөн", - деп билдирет комитет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.10.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын карызын 1 айда таабып коюптурда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: