super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов ТИМдин жетекчилигине сунушталган талапкер тууралуу: "Сапар Исаковдун кадры катары түшүндүм"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Буга чейин аталган кызматка барышы мүмкүн делген бир топ тажрыйбалуу дипломаттардын аттары аталып жаткан. Алар: Аликбек Жекшенкулов, Руслан Казакбаев, Болот Отунбаев, Данияр Сыдыков. Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Айдарбеков парламенттин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетектеген. Буга байланыштуу коомчулукта "Айдарбековдун сунушталышына Жээнбековдун тиешеси болушу мүмкүн" деген бүдөмүк пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигине мурун Асылбек Жээнбековдун жетекчилигинде иштеген адам сунушталды. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов жооп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, премьер-министрдин ТИМдин башчысы боюнча сунушу парламенттин тармактык комитетине келип түшө элек.

“Сунушталып жаткан адамдан ишмердүүлүгү боюнча маалыматым жок экен. Мен да премьердин сунушун интернеттен окудум. Мурда Жогорку Кеңеште протокол боюнча иштептир деп айтып жатышат. Азырынча Жогорку Кеңештин тармактык комитетине премьердин сунушу келе элек. Бир-эки адам ал жөнүндө айтып беришти. Сапар Исаковдун кадры катары түшүндүм. Ошонун учурунда элчиликке сунушталган экен. Алдыдагы жыйындарда, балким, маалыматтар айтылат”, - деди Пирматов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, журналисттер Нарын Айып, Айданбек Акматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: