super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен реванштык беттеш өткөрүүдөн баш тартты

 

UFC`нин жеңил салмак категориясындагы Дүйнө чемпиону Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен реванштык беттеш өткөрүүдөн баш тарты. Бул тууралуу мушкердин агасы Алекс Нурмагомедов орусиялык басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, ирландиялык мушкердин командасы Хабиб Нурмагомедовго реванштык беттеш үчүн 15 миллион доллар сунуштаган.

"Макгрегор Хабибди кызыктырбайт. Ошол себептүү ал Конор менен эч кандай акча үчүн кайрадан беттеш өткөрбөйт. Хабиб алар тараптан түшкөн сунушка дароо "жок" деген жообун айткан. Ал Тони Фергюсон менен беттешип, андан соң карьерасын жыйынтыктайт", - деп билдирген Алекс Нурмагомедов.

Эскерте кетсек, АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-октябрда өткөн беттеште Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу жолу менен жеңишке жеткен. Бирок беттештен соң ал октагондун тосмосунан ашып түшүп Макгрегордун командасындагы Диллон Дэнисти сабаганга аракет кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.10.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Маскалары четинен чечилдиго,ушул да эркектин ишиби,ххе!Озуно ишене албай койдубу,анысынан, мунусунан деле баш тартып!
17.10.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Акча үчүн уруша берип жинди беле, акчага урушкандарды шоумен деп коёт конорго окшогон, туура эле достойный адамдар менен урушсун Тони Фергюсонго окшогон. Жыгылган күрөшкө тойбойт болбой жөн жатсын эми Конор, мен аны сыйлайм кантседа чемпион.
17.10.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде бир мандем бар.
17.10.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
хабиби качып коюптур. эркек болсо реваншта деле женмек да.
17.10.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Хабиб акыркы боюн биринчи поражениен болот окшойт. Тони кучтуу.
18.10.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ха ха четинен эле козу ачыктар жайнайт ко эртенки кунду Алла билет да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: