super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарынын тургуну баласына бир айдан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатканын айтты

 

Бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу байланышкан окурман жаңы төрөлгөн баласына бир айдан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатканын айтты.

"Биз Ош шаарында жашайбыз. Төрөгөнүмө бир ай болуп калды, бирок балабызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатабыз. Барсак, күбөлүктүн мукабасы жок деп айтышат. Акча берсең таап беришет. Былтыр да ушундай болгон", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.10.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча жей турган дагы бир шылтоо таап алыптыр да ынсабы жоктор.
18.10.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокатта да ошондой экен. Бир айдан кийин кел дешип жөнөтүп жатышат. Ушу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эптеп элге жеткирип бере албаса. Завод фабрика куруп иш менең камсыз кылат деп үмүт кылбасакда болот экен. Не дешибизди да билбейм......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: