“Тумар КР” бий тобу “Чехия жана Словакия таланттары” сынагына катышат
“Тумар КР” бий тобу “Чехия жана Словакия таланттары” сынагына катышмакчы. Маалыматка ылайык, аталган топ жана топтун негиздөөчүсү, белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков бүгүн, 8-июлда Чехияга учуп кетет. “Тумар КР” бий тобу 20 000 адам катышууну каалаган бул сынактын биринчи турунан өткөн 200 катышуучунун катарын толуктайт. Сынактын жарым финалына 30 адам, ал эми финалына 10 адам өтүшү керек. Анда негизги сыйлык - жеңүүчүгө 100 000 евро тапшырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.